<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
 Ыр башчысына. «Гиттит» боюнча. Корак уулдарынын забуру.

[V2]
 Турактарың кандай сүйүктүү,
 кошуундардын Яхвеси!
 Яхвенин короолоруна
 жаным зарыгып алсырайт.
 Дене-дилим тирүү Кудайга шаттана үн салат!

[V3]
 Курманжайларыңда таранчы үй,
 карлыгач балапан басар уя табат,
 кошуундардын Яхвеси, Падышам, Кудайым!
 Үйүңдө жашагандар бактылуу,
 Сени мактап турушат. Села

[V4]
 Күчү Сенде, дилинде жолдор бар адам бактылуу.
 Баха өрөөнүнөн өткөндө,
 аны булакка айландырышат,
 эрте жамгыр да аны көлмөлөргө толтурат.
 Күчтөн күчкө жүрүшөт,
 Сиондо Кудайга көрүнүшөт.

[V5]
 Яхве, Кошуундардын Кудайы, сыйынуумду уккун,
 Жакыптын Кудайы, кулак салгын. Села.
 Калканыбызды көргүн*, Кудай,
 майланганыңдын жүзүнө назар салгын.

[V6]
 Короолоруңдагы бир күн миңден артык!
 Жамандыктын чатырларында жашагандан көрө,
 Кудайымдын үйүндө босогодо турууну тандадым.

[V7]
 Яхве Кудай - күн жана калкан,
 Яхве ынаят жана даңк берет.
 Түз жүргөндөрдөн жакшылыкты аябайт.

[B1]
   Яхве, Кошуундардын Кудайы,
   Сага таянган адам бактылуу!</lyrics>
<title>83-Забур</title>
</song>